Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Батукаев иши боюнча баш прокурорду жоопко тартуу сунушталды


Жогорку Кеңеш депутаты Исмаил Исаков Азиз Батукаевдин абактан бошонуп кетишине байланыштуу башкы прокурор Аида Салянова жана чечим чыгарган сот жооп бериши зарылдыгын эскертти. Бүгүн парламентте өтүп жаткан өкмөт саатында депутат бул маселе боюнча маалымат берүүнү премьер-министрден талап кылды.


Бул суроого биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жооп берип, иликтөө дагы эле уланып жатканын, Башкы прокуратура менен УКМК жүргүзүп жаткан териштирүү иштерине өкмөт таасир эте албастыгын айтты. Ал эми өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Батукаев ишине байланыштуу бир катар аткаминерлер - Шамил Атаханов, Зарылбек Рысалиев, Абдылда Суранчиев, Дамира Сагинбаева кызматтан бошотулганын билдирди.

Оор кылмыш менен он алты жылга соттолгон Азиз Батукаев өткөн жылдын 10-апрелинде ак кан (лейкоз) дартына чалдыкты деген себеп менен абактан бошотулуп, "Манас" аэропортунун VIP-залы аркылуу жеке учак менен учуп кеткен. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG