Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Орусия Батукаевди экстрадициялоо маселесин тергөөдөн кийин карайт


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевге Чеченстанда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу аны Кыргызстанга кайтаруу маселеси азыр жабык турат. Экстрадициялоо боюнча Кыргызстандын сунушун орус тарап тергөө бүтүп, сот чечими чыккандан кийин карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы прокурордун орунбасары Темир Бекмамат уулу билдирди.

Бүгүн айрым маалымат булактарында Орусия экстрадициялоо боюнча сунушту четке какканы тууралуу кабар тараган.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын апрелинде “аккан оорусуна чалдыкты” деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Быйыл Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Нарын шаардык сот мурдагы чечимин жокко чыгарган. 1-июлда Батукаев Түндүк Осетияда кармалып, Владикавказ шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Ага “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатканы кабарланган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG