Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Грузияда сегиз футбол арбитры камакка алынды


Грузиянын футбол лигасыннын сегиз арбитры өз ара сүйлөшүлгөн беттешүүлөрдү тейлеген деп шектелип, камакка алынды. Грузиянын ички иштер министрлигинин 24-сентябрадгы билдирүүсүнө караганда, арбитрлер оюнчуларга атайын заказ менен сары жана кызыл карта көрсөткөн, айып топ тептирген жана башка мыйзамсыз жосундарга аралашкан. Алар берегидей буйрутма иштерди жасоо үчүн 2 500 доллардан 5 000 долларга чейин “кол акы” алышкан. Камакка алынган арбитрлердин ичинде ФИФАнын оюндарын тейлеп жүргөн бир эл аралык арбитр да бар.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, тергөө уланууда жана камалгандардан башка да арбитрлер буйрутма оюндарды уюштурууга катышкан деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG