Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Дагы эки министр кызматтан кетиши мүмкүн


Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы тастыктала элек. Бирок “Азаттыктын” өкмөттөгү ишенимдүү булагы алардын иштен алынышы күтүлүп жатканын билдирди.

Бүгүн интернет булактарында эки министр кызматын тапшырууга арыз жазганы тууралуу кабар тараган. Алиясбек Алымкулов "Азаттыкка" бул маалыматты четке кагып, өз жумушу боюнча парламенттин жыйынына катышып жатканын айтты. Билим берүү жана илим министрлигинен да Садыков өз ишин улантып жатканын билдиришти.

24-cентябрда Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кызматтан бошогон. Өткөн аптада маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева жана ички иштер министри Абдылда Суранчиев кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG