Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Эрдоган БУУнун Коопсуздук кеңешин сындады


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУнун Коопсуздук кеңешин дүйнөдөгү өтө маанилүү бир катар маселелерди жөндөөгө жарабады деп сындады. Ал андай окуялардын мисалы ирети согуштун кесепетинен 200 миңден ашуун адам набыт болгон Сирияны жана быйыл жайда дүрт этип, 2 миңден көп адамдын өмүрүн жалмаган Газадагы согушту атады.

Эрдоган 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында өзүнөн бир аз мурда сүйлөгөн Египеттин президенти Абдел - Фаттах ал-Сисини сындады. Египеттин демократиялуу жол менен шайланган президенти Мухаммед Мурси мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылды жана БУУ ушул төңкөрүштү уюштурган инсанды өлкөнүн мыйзамдуу президенти деп тааныды, - деди Түркиянын президенти Эрдоган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG