Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Улуттук оппозициялык кыймыл Ошто жыйын курат


Кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдиргендей, Ош шаарынын тургундары менен жолугушууну 26-cентябрда облустук китепканада өткөрүү боюнча сүйлөшүлгөн. Бирок бүгүн аларга китепкананын түтүгү жарактан чыгып, имарат ичинде суу агып жатканы тууралуу кабарланган. Оппозиция тарапкерлери муну жыйынга бут тосуу үчүн жасалган бийликтин амалы деп сыпаттап жатат.

Аталган китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева “Азаттыкка” чын эле китепкана түтүктөрүнөн суу агып жатканын билдирди. Бирок оппозиция өкүлдөрүнө “имарат берилбейт” деген жооп бериле элек:

- Алар келип, абалды көрүп, эгер макул болушса, тоскоолдуксуз чогулушту өткөрө берсе болот.

Улуттук оппозициялык кыймыл Оштогу жыйында өнүгүүнүн жаңы концепциясын талкуулаганы чогулмак. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG