Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Азия оюндарында Кытай алдыда


Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кытайлык спортчулар 151 медал менен алдыда келатат, анын 76сы алтын. Экинчи орунда Түштүк Корея, аларда 90 медал бар, 28и алтын. Үчүнчү орунду 93 медал менен Жапония ээлеп турат. Алар топтогон алтындардын саны 27. Алгачкы бешиликтин курамына Казакстан менен Түндүк Корея да кирген.

Азия оюндары 19-сентябрда башталган, 4-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 114 спортчу катышууда. Азырынча эч кимиси медал ута элек. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG