Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

ХАМАС жана ФАТХ Газада орток өкмөт түзөт


Палестиндердин каршылашкан фракциялары ХАМАС жана ФАТХ Газа секторунда мурдагыдай бирдиктүү өкмөт түзөлү деп макулдашты. Бул жөнүндө эки тараптын өкүлдөрү Египеттин байтакты Каирде 25-сентябрда эки күндүк сүйлөшүүдөн соң жарыялашты. Эми октябрдын аяк ченинде Израил менен сүйлөшүү болот.

Газадагы ок атууларды токтотуу жөнүндө августта Израил жана Палестина арасында жетишилген келишимде палестин жетекчилиги Газадагы жарандык бийликти ХАМАСтан өткөрүп алууга тийиш деп каралган болчу.

ХАМАС жана ФАТХ быйыл июнда Газада бирдиктүү өкмөт түзгөн, бирок ал иштеген эмес. Палестин автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас ХАМАСты параллель өкмөт түзүп, Газада өз бийлигин жүргүзүүдө деп күнөөлөгөн. ХАМАС өз кезегинде Палестин автономиясынын жетекчилигин Газадагы өкмөттүк мекемелердин кызматкерлерине маяна төлөбөйт деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG