Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Роухани ислам экстремисттерин айыптады


Ирандын президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, Батыштын “стратегиялык жаңылыштыктары” Жакынкы Чыгышты, Борбор Азияны жана Кавказды “террорчулар менен экстремисттердин жабытына айлантты” деди. Ал 25-сентябрдагы сөзүндө согушчул экстремизмдин күчөөсү үчүн бүгүн анын алдында алдастап калган “кээ бир мамлекеттерди” күнөөлөп, “бул туңгуюктан туура жол табуу” региондун борчу деди. Роуханинин айтымында, дүйнө экстремизмдин коркунучуна каршы бирге турарына ишенбейт. Ал эми дүйнөнүн ири өлкөлөрү менен ядролук сүйлөшүүнүн ийгилиги алардын “ашыкча талап” койгонду токтотуусуна жараша болот; эгер Батыш ийкемдүү болсо, ноябрга жеткирбей кортунду ядролук келишимге жетишүү мүмкүн, деп билдирди Роухани.

XS
SM
MD
LG