Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун калк жакырчылыкта жашайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев бейшемби күнү билдирди. Анын маалыматы боюнча, өтө жакырлардын саны 500 миңдин тегерегинде. Өтө жакыр деп күнүнө 100 сомдон аз каражат керектеген үй-бүлө саналат. Бир айлык керектөө куржуну 4600 сом болгон Кыргызстандагы 585 миң пенсионердин 52% 2.5 миңден 4 миң сомго чейин пенсия алат. Калган бөлүгү 4 миң сомдон жогору алат. (AiT)

XS
SM
MD
LG