Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Абхазия: Рауль Хаджимба президенттик кызматка киришти


Хаджимба президенттик кызматка киришүү алдында 25-сентябрда Сухумиде ант берүү аземин өткөрдү. Орус президентинин жардамчысы Владислав Сурков ага катышып, “Абхазия эгемендүүлүгү жана эркин мамлекет катары жашоосу үчүн күрөшүп келатат. Орусия аны толук колдойт” деди. Грузия Абхазияда 25-августта өткөрүлгөн шайлоону мыйзамсыз деп атаган. 2008-жылдагы грузин-орус согушунан кийин Москва Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган. Орусиядан сырткары Никарагуа жана Венесуэла дагы Абхазиянын эгемендүүлүгүн таанып, 25-сентябрдагы ант берүү аземине өкүлдөрүн жөнөткөн. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG