Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Азербайжанда укук коргоочу абакта сабалганы кабарланды


Азербайжандын адам укуктары боюнча активисти Лейла Юнус сабалганын анын адвокаты 24-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, 23-сентябрда аны башка уруп, чачынан тартып сүйрөшкөн. 57 жаштагы укук коргоочунун ден соолугу оор экени айтылды. Азербайжанда адам укуктарынын сакталбашы боюнча бийликти кескин сынга алган Лейла Юнус жана анын күйөөсү Ариф Юнус Армениянын пайдасына тыңчылык кылды деп, июль айында камакка алынган. Укук коргоо уюмдары алардын камакка алынышын саясий себептери бар деп, тез арада бошотууну талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG