Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Украина президенти өзүнүн стратегиясын жарыялады


“Стратегия-2020” деп аталган концепцияда Украина 2020-жылга карай Европа Биримдигинин мүчөсү болору көрсөтүлгөн. Бул үчүн Порошенконун сөзү боюнча, 60 реформа жасалышы керек. Алардын ичинде биринчилерден болуп, сот, тартип коргоо, мамлекеттик башкаруу системалары реформалануусу зарыл. Реформаларды жүргүзүүдө Украина өзүнүн күчүнө таяныш керек. Эгерде реформалар жүргүзүлбөсө Украина Орусия менен жекеме-жеке калат. Октябрь айындагы парламенттик шайлоодо “реформачыл көпчүлүк” жеңишке жетишерине үмүт арткан президент, согуштун коркунучтуу бөлүгү артта калганын белгиледи. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG