Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча юридикалык экспертиза жүргүзүлөт


Бул тууралуу 25-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Кылмыш төбөлүнүн бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер өкмөт Жогорку Кеңештин бул маселе боюнча токтомун аткарбай жатат деп сынга алды.

Башкы прокуратуранын өкүлү Батукаевдин бошотулушу боюнча бир жыл мурун кылмыш иши ачылганын, бирок тийиштүү медициналык экспертизанын жоктугунан ал иш токтоп турганын билдирди. Медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн Батукаевдин каны алынып, ага коюлган диагноздун тууралыгы текшерилиши керектиги айтылды. Депутат Болот Шер мындай сөздөргө кескин нааразылыгын билдирип, Батукаев боюнча бир да орган иштебей жатат деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG