Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Жалал-Абадда тилди өнүктүрүү боюнча коомдук кайрылуу кабыл алынды


Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алышына 25 жыл толгонуна байланыштуу Жалал-Абадда коомдук активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана этникалык азчылык өкүлдүрү чогулуп, талкуу өткөрүштү. Алар мекеме-уюмдардагы кагаз иштери көбүнчө расмий тилде жүргүзүлүп, карапайым калк үчүн кыйынчылык жаралып жатканын сынга алышты. Улуттар аралык ымаланы бекемдөө үчүн кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгын белгилешип, коомдук кайрылуу кабыл алышты. Анда тилди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу зарылдыгы белгиленген.

Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылдын 23-сентябрында берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG