Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Ошто оппозиция жыйынына катышкандарды милиция кармап кетти


Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн бүгүн Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында уюштурган жыйыны үзгүлтүккө учурап, “Дархан” чайханасында чогулган жеринен да белгисиз аялдар тобу кууп чыкты. Кыймыл лидери Равшан Жээнбеков алар чайханага түштөнүү үчүн гана барганын, жыйынды улантуу максаты жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

Эртең менен ресторанга чогулган оппозиция тарапкерлерине отуздай аял жана жигиттер тобу келип, жумуртка атып, “Кыргызстанды бөлүп жатасыңар!” деп нааразы болушкан эле. Натыйжада, кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов чогулушту токтотуп, унаага түшүп кетүүгө аргасыз болгонун аймактагы кабарчыбыз маалымдады.

Ал арада чогулушка катышкан онго жакын жигитти милиция кармап кеткени маалым болду. Бирок күч органдарына азырынча комментарий бере элек.

Улуттук оппозициялык кыймыл Оштогу жыйында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын талкуулаганы чогулган. Ага элүүгө жакын жаштар келген болчу. Жыйынга Жогорку Кеңеш депутаты Исмаил Исаков да катышары айтылган, бирок ал барган жок.

Кыймыл лидери Равшан Жээнбеков чогулуш тынч маанайда уюштурулганын айтып, аны үзгүлтүккө учуратууну бийлик тарабынан жасалган бут тосуу катары сыпаттады. (ErN\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG