Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 21:06

Ысык-Көлдө Саякбай Каралаевдын 120 мааракеси белгиленүүдө


Тоң районунун Ак-Өлөң айылына жүзгө жакын боз үй тигилип, маарекеге миңден ашуун киши катышып жатат. Ал эми Балыкчы шаарына манасчынын эстелиги орнотулуп, борбордук көчөгө ысымы ыйгарылды. Бул үчүн шаардык бюджеттен 3 миллион, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 миллион 800 миң сом каралган.

Бүгүнкү иш-чарага Саякбай Каралаевдин небереси Талантбек Намазбеков, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук ишмерлер катышууда.

120 жылдыктын алкагында улуттук ат оюндары да болот. (MK\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG