Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Таласта сойкукананы жабуу талабы менен акция өттү


Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары сойкукана катары иштетилип жаткан мейманкана тибиндеги үйдү жабуу талабы менен бүгүн акцияга чыгышты. Алардын айтымында, айылдагы бул имарат күрт тектүү жаранга таандык. Тургундар ал жакка өспүрүм балдар да барып жатканын сынга алышты.

Жыйынга мейманкана ээси да катышып, райондук бийликтин, УКМКнын, милиция кызматкерлеринин жана күрт диаспора жетекчилигинин жанында мейманкананы мындан ары андай максатта колдонбоого убада берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG