Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Азиада: кыргыз мушкери чейрек финалга чыкты


Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков тайбейлик атаандашы Че Ли Юну жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. 56 кило салмактагы спортчу 30-сентябрда кытайлык мушкер менен беттешет.

Ал эми теннис боюнча чейрек финалда кыргызстандык Данияр Дулдаев жапониялык Жуичи Сигутага жеңилип, таймаштардан четтетилди. Бүгүн кыргызстандыктар жаа атуу, бутага атуу жана гольф боюнча да мелдештерге чыгышат.

Инчхон шаарында Азия оюндары 19-сентябрда башталган, 4-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 114 спортчу катышууда. Азырынча эч кимиси медал ута элек.

170 медал менен Кытай алдыңкы сапта келатат. (SE\ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG