Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Жалал-Абад: бий залы ашар жолу менен оңдолууда


Жалал-Абад шаардык жаштар борборунун мүчөлөрү өздөрү иштеп жаткан имараттын жертөлөсүн ашар жолу менен бий залына ылайыкташтырып оңдоп жатышат. Борбордун өкүлү Ороз Абдылаев билдиргендей, бий студиясында каалоочуларга акысыз сабак өтүлөт. Оңдоп-түзөө иштерине калаанын активист жаштары жардамдашууда.

2011-жылдан бери иштеп жаткан Жалал-Абад жаштар борборунда тил курстары жана компьютер сабактары акысыз үйрөтүлөт. Каржылык көмөктү эл аралык уюмдар көрсөтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG