Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

ИИМ терроризмге каршы алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат


Республиканын бардык аймактарында ушул күндөрү экстремизм жана терроризмдин алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Профилактикалык иштерге мектеп мугалимдери, дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да тартылып, соңку кездери радикалдашып бараткан экстремисттик уюмдардын терс таасирлери тууралуу талкуулар уюштурулуп жатат.

Жакында куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев өзүн “Ислам мамлекети“ деп атап алган топ Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин айткан. Бул пикирин учурда Сириядагы куралдуу кагылыштарга аралашып жүргөн кыргызстандыктар өлкөгө кайра келип, аталган топтун саясатын жайылтышы мүмкүн экендиги менен негиздеген. (SE)

XS
SM
MD
LG