Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Ганиге шайлоону жеңгени тууралуу күбөлүк тапшырылды


Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Ашраф Ганинин президенттик шайлоону жеңгенин бышыктап, ал добуштардын 55,27 процентин алганын билдирди.

Буга чейин комиссия Гани шайлоонун экинчи айлампасын утканын айтып, бирок бурмалоолор боюнча айыптоолор зомбулукка алып келет деген чочулоодон улам сандарды келтирген эмес.

Кабулда өткөн салтанатта Ганиге анын жеңишин тастыктаган күбөлүк тапшырылды. 14-июндагы экинчи айлампадан кийин эки атаандаш тең – Гани жана Абдулла Абдулла утушканын жарыялашкан. Ар кандай толкундоолордун алдын алуу үчүн эл аралык байкоочулардын катышуусу менен бюллетендер кайра саналып чыккан. Талакерлер бийлик бөлүшүү келишимине жетишкенден кийин комиссия жеңүүчүнү атады.Макулдашууга ылайык, Абдулла өкмөт башчы кызматын аркаламакчы.

Жаңы президенттин ант берүүсү 29-сентябрда болот деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG