Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Сербияда эртеңкиге гей парад пландалууда


Сербиянын бийлиги 28-сентябрда гей-парад өткөрүүгө уруксат берди. Ошол эле маалда ички иштер министри Небойся Стефанович коомдук коопсуздукка коркунуч жаралса, иш-чара өткөрүлбөшү ыктымал деди. 2010-жылдын март айында Белградда ашынган улутчулдар менен футбол бейбаштары гей-параддын катышуучуларына чабуул койгондон кийин бийлик андай акцияларга тыюу салган. Евробиримдик сексуалдык азчылыктардын ал өңдүү иш-чаралары шаркетке кошулууга умтулуп жаткан өлкө үчүн фундаменталдык эркиндиктерди урматтоо жаатындагы сыноо деп билдирип келди.

Сербияда гомофобия жат көрүнүш эмес. Айрым учурларда аны чиркөө жетекчилери жана оңчул партиялар колдошот. Бул жолу да православ чиркөөсүнүн патриархы Ириней ишемби күнкү парадды айыптады.

XS
SM
MD
LG