Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Орусиядан Украинага газ жөнөтүү боюнча шарттуу келишим жетишилди


Евробиримдик Украина жана Орусия газ боюнча келишимге жетишти. Берлиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин биримдиктин энергетика боюнча комиссары Гүнтер Оттингер Украина октябрдын аягына чейин 2 миллиард жана жыл этегине чейин 1,1 миллиард доллар карызын төлөөгө тийиш деп макулдашканын билдирди. Ошондо Орусия Украинага 5 миллиард метр куб газ жөнөтмөкчү.

Эмки жылы Киев Стокгольмдогу Арбитраждык сотто утса, 2014-жылдын аягына дейре 3,1 миллиард доллардан ашык төлөбөйт деп күтүлүүдө. Ал эми Москва талашты жеңсе, Украина кошумча 2,1 миллиард доллар төлөшү керек болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG