Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Британ парламенти “Ислам мамлекети” уюмуна каршы авиасоккуга уруксат берди


Британ парламенти премьер-министр Девид Кэмерондун өтүнүчүн канааттандырып “Ислам мамлекети” уюмуна каршы авиасокку урууга көпчүлүк добуш менен уруксат берди. Жети саатка созулган талкуудан кийин британ мыйзам чыгаруучуларынын 524ү макул, 43ү каршы добуш берди.

Девид Кэмерон өз сөзүндө аёосуз мыкаачылык көрсөтүп жаткан “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөш бир жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Америкалык эки журналист менен британиялык гуманитардык кызматкердин британ акценти менен сүйлөгөн киши тарабынан мууздалышы өлкөдө “Ислам мамлекети” уюмуна каршы маанайды күчөттү.

Расмий маалыматка караганда, британиялык 500дөй жаран Сирия менен Ирактын түндүгүнө урушка жөнөгөн. Мындан улам айрымдары кайтып келип, теракттарды ишке ашырышы мүмкүн деген кооптонуулар көп айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG