Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Орусия өкмөтү Кыргызстанда 1 млрд. долларлык фонд түзүүнү колдоду


Орусия өкмөтү кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүп, ага 1 млрд. доллар бөлүүнү колдоду. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин экономиканы колдоо максатындагы өнүктүрүү фондунун уставы бекитилди. Учурда анын башкаруу органдарын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иштер бүткөн соң, фонд каржылай турган алгачкы долбоорлор аныкталмакчы. Алгачкы долбоор быйыл жыл соңуна чейин аныкталып, Орусия убада кылган каражат эки баскычта келе баштайт.

29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Орусия убада кылган. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлмөк болгон. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечкен.(UEz)

XS
SM
MD
LG