Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 03:17

Хосни Мубарак сот өкүмүн күтүүдө


Бүгүн, 27-сентябрда Каирде Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубаракка карата сот өкүмү чыгары күтүлүүдө. Мубарак 2011-жылдагы толкундоодо элге каршы ок аткан деп айыпталыл келет.

Сот Мубаракка демонстранттардын 2011-жылдын февралындагы өлүмү боюнча коюлган айыпты кайрадан териштирип бүттү. Мубаракты бийликтен кетүүгө мажбурлаган ал нааразылык акциялары учурунда 800дөй кишинин өмүрү кыйылган.

Каир соту 86 жаштагы Мубаракты 2013-жылдын августунда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган болчу. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG