Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Кыргыздын улуттук бийи тандалат


Кыргыз улуттук бий сынагынын тандоо турунун 1-баскычы аяктады. Бул тууралуу бий сынагын уюштуруп жаткан “Улут жүзү” коомдук фондунан кабарлашты. Сынакка жалпысынан 70 чыгармачыл топтон жана жеке аткаруучулардан ар кандай бийлер келип түшкөн. Калыстар тобу тандап алган 40 эмгектин ичинен эң мыктылары кийинки айлампага өткөрүлөт.

Сынактын башкы максаты - кыргыздын улуттук бийин жандантып, элге жайылтуу болуп саналат.

Жеңүүчү СМС жана интернет аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Бий сынагы 11-октябрда жыйынтыкталып, байге фонду 1 млн. сомду түзөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG