29-сентябрда Кыргызстандын айрым жерлеринде түнкүсүн жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус жылуу болот.