Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Стамбулда Башкы консулдуктун 20 жылдыгы белгиленди


Стамбулда Кыргызстан Башкы консулдугунун 20 жылдыгы белгиленди.

Стамбулда Кыргызстан Башкы консулдугунун 20 жылдыгы белгиленди.

Стамбулда Кыргызстандын Башкы консулдугунун 20 жылдыгы жана Кыргызстан достук жана маданият коомунун беш жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Шаар бийлигинин расмий өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Стамбулдагы дипломатиялык миссияларынын жетекчилери, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышкан кечеде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан достук коомунун жетекчилерине грамоталарды тапшырды.

Салтанатка Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулдары да чакырылган. Конокторго концерт тартууланып, сүрөт көргөзмө уюштурулду. Кече Башкы консулдук жана кыргыз-түрк достук коому тарабынан өткөрүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG