Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Үрүмчүдө манасчылардын эл аралык мелдеши аяктады


Жекшембиде (28-сентябрда) КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун (ШУАР) борбору Үрүмчү шаарында Биринчи эл аралык манасчылык мелдеши жана манас таануу шеринеси соңуна чыкты. Бул үч күндүк маданий иш-чара кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) жаркын элесине арналган. Иш-чараны ШУАРдын Адабият жана кол өнөрчүлүк коомуна караштуу “Манас” жана башка дастандарды изилдөө ишканасы уюштурган.

Аталган ишкананын төрагасы, илимпоз Ысакбек Бейшенбектин "Азаттык" үналгысына айтымында, бул эл аралык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев баш болгон кыргызстандык топ катышты. Анын курамында Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, илимпоздор Тынчтыкбек Чоротегин, Чолпон Субакожоева, Мирзат Ракымбек уулу, жаш манасчылар Рысбай Исаков, Тилек Асан уулу, Дөөлөтбек Сыдыков, Улан Исмаилов бар.

26-сентябрда өткөн илимий жыйынга катышкан манас таануучу адистердин арасында айтылуу кытайлык профессор Лаң Йиң айым, Макелек Өмүрбай, Адыл Жуматурду, Токтобүбү Ысак кызы, Жумак Кадыр, ж.б. болду. Профессор Мамбеттурду Мамбетакундун шакирттери болгон Шинжаң педагогикалык университетинин студенттери бул жыйынга угарман катары катышты.

Эки күнгө созулган жана Кытайдагы Кыргыз үналгысы тарабынан обого түз чыгарылган эл аралык “Манас” айтуу сынагынын баш байгесин Кыргызстандан - Рысбай Исаков, Кытайдан – Ак-Чий ооданынын Кара-Чий кыштагынан келген Абдыбек Өскөн мырзалар жеңип алышты.

Бул маданий жана илимий иш-чара келээрки жылы да улантылмакчы.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG