Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Харьковдо Лениндин айкелин алып салышты


Харьков шаарында сегиз миңден ашуун адам жекшемби күнү Украинада биримдик болушун каалап, жүрүшкө чыкты. Акцияны украиначыл коомдук уюмдар облустук бийликтин каржылык көмөгү менен уюштурду. Алгач жөө жүрүш болуп, андан соң шаар борборундагы Эркиндик аянтына чогулган демонстранттар Лениндин 20 метрлик айкелин кулатышты. Катышуучулар колдоруна “Донецк бул – Украина!”, “Харьков бул – Украина!”, “Украинага даңк!” деген жазууларды жана мамлекеттин желегин көтөрүп алышты. Алар өкмөт күчтөрүн жикчилер менен күрөштө тайманбоого чакырышты. (SE)

XS
SM
MD
LG