Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Сузактагы маданият үйү талашка түштү


Райондун борборундагы маданият кызматкерлери иш алып барган эки кабаттуу имарат райондук ички иштер башкармалыгы ортосунда талашка түштү. Бул тууралуу мекеменин башчысынын орун басары Гуламгапур Тагаев "Азатыкка" билдирди.

- Мурунку райондук кенешке таандык бул имаратка маданият кызматкерлери 2011-жылы көчүп келишкен. Эми милицияны көчүрүп келебиз, бошоткула деп жатышат, - деди Тагаев.

Район акими Нурболот Мирзахмедов милициянын азыркы имараты сай жээгинде болгондуктан, коопсуздук үчүн аларды маданият үйүнүнө көчүрүү керектигин айтты. Маданият кызматкерлери буга караманча каршы.

Райондук маданият үйүндө 14 кызматкер эмгектенип, Рысбай Абдыкадыров жана Жүмамүдүн Шералиев атындагы клубдар иш алып барат.(RsK)

XS
SM
MD
LG