Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” билдирди.
- Өкмөт тарифтерди жогорулатуудан мурда коомдук угууларды өткөрүшү керек болчу. Сот биздин доо арызды канааттандырды, - деди Токтоакунов.
Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн. (UEz)