Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Касымалы Жантөшевге өз айылында эстелик тургузулду


Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы мектеп алдына Касымалы Жантөшевдин эстелиги тургузулду. Эстелик жазуучунун 110 жылдык мааракесине арналды. Бул тууралуу Жантөшевдин небереси Тилек Асаналиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, залкар жазуучунун айкели жергиликтүү бийликтин жана элдин колдоосу менен тургузулду. Расмий ачылышы 30-октябрга белгиленди.

Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгына арналган иш-чаралар Касым Тынстанов атындагы мамлекеттик университететте да болуп өттү.

Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшев драматург, театр режиссеру жана артист катары да таанылган. Ал “Каныбек” сыяктуу белгилүү роман, повесть, драмаларды жараткан.(MKo)

XS
SM
MD
LG