Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Атамбаев Түркия өкмөт башчысы менен жолугушат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” билдирди.

Атамбаев 28-29-сентябрга белгиленген Стамбулдагы “Аймактык өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу” маселеси боюнча дүйнөлүк экономикалык форумга катышып, жыйын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту.

Өлкө башчысы 18-сентябрда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан. Ал Стамбулдан Бишкекке бүгүн кечте кайтат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG