Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Гаага соту: Каражичти өмүр бою эркинен ажыратуу суралды


Бүгүн Гаага турибуналында босниялык сербдердин согуш учурундагы лидери Радован Каражичтин иши боюнча жарыш сөзү башталды. Прокурорлор “1992-1995-жылдардагы Босния согушунда башка улуттагыларды өлтүрүү боюнча Каражич “жылып жүргөн күч болгон”, - деп билдиришти. Алар Каражичти бул убактагы бардык кылмыштарга жооп бериш керек экенин кошумчалап, өмүр бою эркинен ажыратууну сурашты.

Каражич согуш учурундагы аскерий жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча тогуз пункт менен айыпталууда.

1995-жылы аяктаган согуштан кийин 13 жыл бою качып жүргөн босниялык сербдердин мурдагы лидери Каражич 2008-жылы гана кармалган. Анын үстүнөн сот 2009-жылы башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG