Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

"Ислам мамлекетинин" Сириядагы турумдарына кезектеги сокку урулду


АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн авиациясы өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган радикал топтун Сириянын түндүк-чыгышындагы турумуна - Алеппо, Ракка, Дейр Эз-Зор аймактарына сокку уруусун улантууда.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобу коалициялык күчтөр Манбиж шаарындагы экстремисттердин көзмөлүндө турган тегирмен жана дан сактоочу жай жаңылыш бомбаланганын айтты. Укук коргоочулардын билдиришинче, газды кайра иштеп чыгуучу ири заводго да бомба ташталган. Вашингтон буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мониторинг тобунун ырастоосунда, ушул убакка чейин сокку уруудан кеминде 19 жайкын тургун набыт кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG