Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Астраханда Каспий саммити ачылды


Бүгүн Астраханда 4-Каспий саммити өтүп жатат. Анда негизги көңүл Каспий деңизинин статусу жөнүндөгү конвенцияга бурулмакчы. Деңиздин алабындагы беш өлкөнүн – Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Орусиянын жана Түркмөнстандын президенттери деңиздин жээгин бөлүп алууну сүйлөшөт. Кремл бул ирет узактан берки сүйлөшүүлөр алдыга жылат деп ишенүүдө.

- Биздин мындан аркы кызматташуубуз аймактык стабилдүүлүктү бекемдеп, терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз маңзат ташууга жана башка коркунучтарга каршы күрөштө натыйжасын берет деп ишенем, - деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин.

1-Каспий саммити 2002-жылы Ашхабадда өткөн. Экинчси андан беш жылдан кийин Тегеранда, үчүнчүсү 2010-жылы Бакуда өткөн болчу. 1996-жылдан бери аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бул маселеге байланыштуу бир нече ирет жолугуп, сүйлөшкөн.

Каспийдин тегерегиндеги беш өлкө деңиздин мунай жана газ байлыктарын кантип бөлүштүрүү боюнча азырынча мунасага келе элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG