Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Гавел атындагы сыйлык азербайжандык укук коргоочуга берилди


Вацлав Гавел атындагы сыйлык бул жолу таза шайлоо өткөрүү багытында иштеп келаткан азербайжандык укук коргоочу Анар Маммадалиге берилди. Сыйлык тапшыруу салтанаты Страсбургда өттү. Маммадали демократия жана шайлоолорду мониторинг кылган борбордун негиздөөчүсү. Аталган борбор 2001-жылдан бери иштеп келатат. Өткөн жылы декабарда укук коргоочу ыйгарым укуктарынан пайдалган делип камалган. Ушул жылдын майында беш жарым жылга эркинен ажыратылган.

- Ата катары мен дагы ыраазычылыгымды билдирем. Менин уулумду жана саясий негизде соттолгондорду демократия үчүн күрөшкөнү үчүн камагандары акыйкатсыз деп эсептейм. Мен баары бир акыйкат өз ордун табат деп ишенем, - деди азербайжандык укук коргоочунун салтанатка катышкан атасы Асаф Маммадали.

Гавел сыйлыгынын жеңүүчүсүнүн урматына 1-октябрда Прагада салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Өткөн жылы ушул сыйлык түрмөдө жаткан беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкийге берилген.

Эгемен Чехиянын алгачкы президенти Вацлав Гавелдин урматындагы сыйлык ушул март айында Парламенттик ассамблея, Гавелдин Прагадагы китепканасы жана Хартия -77 фонду тарабынан негизделген. 60 миң евро өлчөмүндөгү сыйлык адам укуктарын коргоодогу активдүү жарандык позиция үчүн берилет.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG