Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

АКШ Ооганстан коопсуздук келишимине кол коет


Бүгүн расмий Кабул Ооганстандын аймагынан НАТО аскерлери чыгып кеткенден кийин дагы 10 миңдин тегерегиндеги америкалык аскерлердин калышына уруксат берген келишимге кол коет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШ жана Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиришти. Эки тараптуу келишимге Вашингтондун атынан АКШнын президентинин кеңешчиси Жон Подеста кол коет. Бул тууралуу ал 29-сентябрда президенттин ант берүү салтанатынан соң билдирди.

Америкалык аскерлердин Ооганстанда 2014-жылдан кийин да калуусуна жол ачкан келишимди Лоя Жырга курултайы колдогон эле. Бирок мурдагы президент Хамид Карзай менен бул багытта мунаса табылбай, келишим кечеңдеп келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG