Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү президенттин чек ара боюнча демилгесин колдоого чакырды


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындай чакырыкты кечээ кечинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 69-сессиясында сүйлөп жатып жасады.

- Биздин аймактын өлкөлөрүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жакында айткан, Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда чек арада ишенимди чыңдоо боюнча эки тараптуу келишимдерди иштеп чыгып, кол коюу демилгесин колдоого чакырам. Бул демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу, соода-экономика чөйрөсүндө алаканы чыңдоо, ошондой эле аймактык коопсуздукту бекемдөөдө чынында тарыхый кадам жасоого мүмкүндүк берет.

Президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда чек арада ишенимди чыңдоо боюнча эки тараптуу келишимдерди иштеп чыгып кол коюуну ушул айдын башында Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарындагы саммитинде сунуш кылган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG