Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстан мушкер Усеналиев боюнча калыстын чечимине макул эмес


Кыргызстандыктар Азия оюндарында беттештен четтетилген мушкер Азат Усеналиев боюнча калыстын чечимине каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Анын айтымында, кыргыз тарап беттеш учурунда алган жаракатынан улам чейрек финалдан четтетилген Азия чемпиону Азат Усеналиев боюнча калыстар коллегиясына арыз берди.

Кечээ беттеш учурунда кыргызстандык мушкерди пакистандык Мухаммад Масим башка сүзүп, таймаш калысы Азат Усеналиевдин алган жаракатынан улам жеңишти анын каршылашына ыйгарган. Азат Усеналиев 17-Азия оюндарында жарым чейрек финалда Ирак мушкери Мугтадха Раад Касим ал-Суданини утуп, мелдештерин ийгиликтүү баштаган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG