Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Акыркы үч жылда өлкөгө кирген автоунаалардын саны 3,5 эсе өстү


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы өлкөгө 30 миң автомашина алынып келинсе, 2013-жылы алардын саны 105 миңге жеткен. Сырттан келген темир тулпарлардын 43 пайызын өндүрүштөн 12 жыл мурда чыккандар түзөт.

- Экологияны бузган эски автомашиналардын агымын токтотуу максатында азыр аларга карата бажы төлөмдөрүн кескин көбөйтүү чечими кабыл алынды. 2 кубга чейинки автомашиналардын бажы төлөмү ар кубуна 10 центке көбөйдү же өлкө аймагына алып кирүү үчүн кошумча 200 доллар төлөнөт.

Бажы кызматынын маалыматына таянсак, аталган бажы төлөмдөрүнөн жыл аягына чейин 300 млн., келерки жылы 1 миллиард сомдон ашык кошумча каражат түшөт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG