Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

“Газпром” түштүккө газ жеткирүүнү тездетет


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Газпром” ишканасынын директорунун орун басары Николай Варламов менен жолугушуп, Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен камсыздоону тездетүүнү өтүндү.

Оторбаев өз сөзүндө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында газ маселеси кабыргасынан турганын белгилеп, мурда жетишилген макулдашуулардын негизинде калкты көгүлтүр от менен тезинен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

“Газпромдун” өкүлү Враламов бүгүн ишкананын атайын тобу Кыргызстанга келип, абал менен жеринен таанышып, маселени чечерин убадалады.

Быйыл апрелде“Кыргызгаз” ишканасы толугу менен “Газпромго” сатылган. Андан көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, аймактын калкы азыркыга чейин газсыз отурат. (UEz)

XS
SM
MD
LG