Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө


“Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңештин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Ага кеңеш мүчөлөрү, Жогорку Сот, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Жыйында кеңеш алдында түзүлгөн жумушчу топтор иштеп чыккан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланууда. Аталган топтоп Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык, Жарандык процессуалдык жана Сот аткаруучунун макамы тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Бул өзгөртүүлөр сот системасын заманбап шарттарга алып келип, коррупцияга каршы туруучу механизмдерди камтыган.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев сот системасын реформалоо негизги милдет деп атап, атайын кеңеш түзгөн. Ага президент өзү төрагалык кылат.(/ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG