Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Гонконг бийлиги демонстранттарды тарап кетүүгө үндөдү


Гонконгдун бийлиги бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткандарды "көчөлөрдү бошотуп, тез арада тарап кетүүгө" чакырды.

Администрациянын башкы министри Лан Чжэньин Кытай бийлиги демонстранттардын басымына багынбай турганын жана шайлоо системасын реформалоону уланта берерин бүгүн билдирди.

Жети миллион калкы бар Гонконг 1997-жылы Британиянын башкаруусунан Кытайга өткөрүлүп берилгенден бери мынчалык чоң нааразылык акциясы боло элек болчу. Бээжин эч кандай нааразылыкка жана тыштан кийлигишүүгө баш ийбесин айтууда.

Гонконгдо өткөн жумадан бери уланып жаткан демонстрацияда он миңдеген жарандар 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо Бээжин бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыптап жатышат.

АКШ өкмөтү Гонконгдо жалпы, түз жана демократиялык шайлоо өтүшүн колдой турганын билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG