Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Чүйдө төрт адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды


Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя облустагы Тельман айылында 29-сентябрь күнү кечинде болгон. Анда айылдын төрт тургунунун ок жеген сөөктөрү табылган. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 43 жаштагы тургуну кармалды. Ал бардык күнөөнү моюнуна алды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмышка шектүү жана каза болгондордун үчөөсү арак чогуу арак ичкен. Андан соң алар мас абалында чырдашып, үчөө биригип, бирөөсүн ур-токмокко алган. Ал адам үйүнө барып ТОЗ-66 үлгүсүндөгү мылтыгын алып келип, өзүн сабаган үч адамды жана биринин жубайын атып салган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.(BKA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG