Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Дамаск АКШнын Сириядагы аскердик операциясына канааттанууда


Сирия америкалык аскерлер бул өлкөнүн аймагындагы согушкерлердин турумдарын абадан аткылап жатканына канааттануусун билдирет. Бул тууралуу бүгүн Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем Associated Press агенттигине курган маегинде билдирди.

- Азырынча биз канааттануу гана айта алабыз. Себеби сокку согушкерлерге урулууда. АКШ бизди ар бир чабуулу тууралуу кабардар кылып жаткан жок, бирок, бул нормалдуу көрүнүш. Себеби алар да "Ислам мамлекети" уюмуна каршы күрөшүүдө, биз да алар менен кармашып жатабыз, - деди Валид ал-Муаллем.

Анын айтымында, Сириянын аймагында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган согушкерлер тобуна каршы абадан сокку урары тууралуу Вашингтон Дамаскты бир сутка мурда эскерткен. Министр ошондой эле эгер АКШ башка согушкер топторго чабуул баштаса Сирия каршы болбосун билдирди.

АКШ президенти Барак Обаманын 22-сентябрдагы буйругунун негизинде Сириядагы согушкерлердин позицияларына абадан чабуул башталган. Бул өнөктүккө кийин бир нече араб өлкөлөрү да кошулду. (RK)

XS
SM
MD
LG