Өзбекстан кыргыз жарандарына 1994-жылдагы эски үлгүдөгү паспорт менен өз аймагына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чектөө 1-октябрдан тарта күчүнө кирет. Ошондуктан, Чек ара кызматы жарандарды эски үлгүдөгү паспорт менен коңшу өлкө аймагына кирбөөнү эскертүүдө. (BkA)